Тексты и переводы песен /

Карындаш | 2016

Биздин ортобузда аралык
Сенин сүйүүң жаш балалык
Биз экөөбүз бакыт табалы
Бул өмүрдө түгөй болуп калалы
Менден сен бир топ эле жашсың
Карындашым акпасынчы жашың
Ар дайым жылмайып көздөр уялсын
Болдумго бир өзүңө мен ашык
Сени теңеп жана аккан таңыма
Жүргүм келет алып өз кучагыма
Жакындап сен орун алчы жаныма
Өзүң менен түшөм бала чагыма
Сүйлөсөң кулак сүйүнөт
Жагымдуу чыккан үнүндөн
Көп чыкпайсын сен үйүңдөн
Көрүп калсам мен сүйүнөм
(Кайырма: Омар)
Сезим менен ойнодун, эч койбодун…
(Сезим менен ойнодун, эч койбодун…)
Алып өз кучагыма, кысам жаныма…
Сени сүйөмүн… Өзуңо ашыгам
Карабайм жашыңа…
Сүйүүнүн тазасын, түбөлүк арнасын…
Сени сүйөмүн, сени сүйөмүн
(Бегиш)
Таанышып көп күндөр өтөт
Калды карындаш жүрөктө
Сактап калдым эсимде мен
Сан жеткис жылуу мүнөттөр
Тазалык сени айланат
Тазарат бассан айлана
Жанында жүргөн адамдар
Тартылып сага байланат
Мен дагы сени жактырам
Биз ойлонуп көрөлү жакшылап
Бил мен дагы сени жактырам
Жазылдынбы сен бактыма
Билсең жок сенде айып
Ар дайым жүргүн жылмайып
Эркемсин күнүм айым дейм
Колдосун сени кудайым
(Кайырма: Омар)
Сезим менен ойнодун, эч койбодун…
(Сезим менен ойнодун, эч койбодун…)
Алып өз кучагыма, кысам жаныма…
Сени сүйөмүн… Өзуңо ашыгам
Карабайм жашыңа…
Сүйүүнүн тазасын, түбөлүк арнасын…
Сени сүйөмүн, сени сүйөмүн